АВТОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР, а в т о т р о ф т о р ‒ тиричилик үчүн зарыл орг. заттарды орг. эмес заттардан синтездөөчү организмдер. А. о-дин эки түрү белгилүү: фотосинтездөөчүлөр жана хемосинтездөөчүлөр. Фотосинтездөөчүлөр же фототрофтуу организмдер күн энергиясын пайдаланып, орг. заттарды синтездөө процесси фотосинтездөөчүлөрдүн клеткаларында гана учуроочу хлорофилл пигментинин катышуусу менен ишке ашат. Аларга бардык жашыл өсүмдүктөр, балырлар жана түстүү бактериялар кирет. Хемосинтездөөчүлөр же хемотрофтуу организмдер орг. заттарды синтездөөдө хим. реакциялардан бөлүнүп чыккан энергияны пайдаланат (к. Хемосинтез ). А. о-дин бул тобуна топуракта, сууда жашоочу, темир, күкүрт бактериялары, нитрлөөчү жана азот топтогуч бактериялар кирет. А. о-дин, өзгөчө фотосинтездөөчүлөрдүн табиятта мааниси өтө чоӊ, к. Фотосинтез, Гетеротрофтуу организмдер.