АВТОРИТАРИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (9)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОРИТАРИЗМ (лат. autor ‒ түзүүчү, жаратуучу жана лат. autoritas ‒ бийлик, таасир) ‒ жарандардын саясий укуктары менен эркиндиктери жок же олуттуу чектелген, алардын башкаруучу төбөлдөрдүн иштерине таасир көрсөтүүгө мүмкүндүк бербеген саясий режим. А. демокр. эмес бийлик жүргүзүү системасы, өлкөнүн ички жана тышкы саясатына тиешелүү маселелерди демократияга, эл массасына таянбай чечүүчү саясий режимдин бир формасы. Мындай бийлик бир кишинин колуна же бир органга топтолот жана өкүлдүү башкаруу ин-ттарынын ролун төмөн түшүрөт, оппозицияларды жана коомдук автономиялуу саясий системалардын иштерин минимумга алып келет. Авторитардык режим эл тарабынан түзүлбөйт жана башкарылбайт, текшерилбейт; куралдуу күчкө, зордук-зомбулукка таянган бийликтин аз тобунун колунда болот. Авторитардык бийлик аскердик жазалоочу аппаратка таянып, террор жолу менен оппозициялык күчтөрдү басып турат. 20-к-дын 30‒40-жылдарында мурдагы СССР мамлекетинде А. жеке адамга сыйынуу, булар менен өзөктөш тоталитаризм (бийликтин бүткүл өлкөнү, ар адамды толук, бекем, катуу көзөмөлгө алышы) ‒ адм.‒ буйрукчул система өкүм сүргөн. А. термини социологияга Франкфурт мектебинин теоретиктери тарабынан киргизилген (20-к. 30-ж.). Алардын концепциясы б-ча А. 20-к-дагы бардык «фашисттик» жана «фашизоиддик» режимдердин бардыгына социалдык негиз жана азыктануучу чөйрө болду. 60-жылдарда А. түшүнүгү сол радикалдык социологияда жана публицистикада пайдаланылган. 70-жылдардын ортосунан неоконсервативдик багыттагы социалогияда сынга алынат. Азыркы Батыш социологдору, А-ге өзгөчө мамиле кылуу, айрыкча эмпириялык изилдөөлөрдө колдонгондо сак болуу зарыл дешет. Акыркы жылдарда фашисттик тенденциялар пайда боло баштагандан бери А. жана тоталитардык типтеги аӊ-сезимди айырмалоо ж-дөгү көз караштар басымдуулук кылууда.

                       Т. Эсенгелдиев, А. Ишеналиева.