АВТОМОРФТУУ ТОПУРАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМОРФТУУ ТОПУРАК ‒ физ.-хим. кубулуштардын таасиринен ар түрдүү тоотектердин үбөлөнүп, күкүмдөлүшүнөн пайда болгон топурак. Алар негизинен кургак климаттык шартта өөрчүп, өрөөндөрдө, бөксө тоо жана субальп, альп алкактарында таралган. Ага күл, кара, күрөӊ, кара күрөӊ токой, коӊур, боз, о. эле субальп, альп ж. б. типтеги топурактар кирет. А. т. жер бетинин басымдуу бөлүгүн ээлейт. Кыргызстандын бардык аймагында кездешет. А. т. башка топурак түрлөрү сыяктуу деградацияга алып келүүчү коркунучтуу факторлорго ‒ эрозия, кыртыш түзүлүшүнүн бузулушу, шорлонуу, чириндилүүлүгүнүн төмөндөшү жана кыртышынын булгануусуна дуушар болот. Ошондуктан, бул топуракты эрозиядан ж. б. бузулуудан сактоо, күрдүүлүгүн жогорлатуу талап кылынат.