АВТОМАТТЫК ЧИЙҮҮ ПРИБОРУ
Jump to navigation
Jump to search
‒ график, чийме ж. б-ды жогорку тактыкта автоматтык түрдө чийүүчү түзүлмө. Автоматташтырылган долбоорлоо системасынын маалыматты чыгаруучу негизги түзүлмөлөрүнүн бири жана конструктордун автоматташтырылган жумушчу орунунун негизги бөлүгү. Ал маалыматты инпульс түрүндө ошол автоматташтырылган долбоорлоо системасы менен автоматташтырылган жумуш орунундагы компьютерден алат. Сүрөттү чөйрө сызыгы (контуру) б-ча чийет жана чекиттер б-ча түзөт, андан тышкары тактачалык (планшеттик) жана рулондук прибор болуп бөлүнөт. Куроодо (монтаждоодо), карта тартууда, долбоорлоодо, маалыматтык өлчөө системасында ж. б. колдонулат. Ж. А. Апышев.