АВТОЖООПБЕРГИЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОЖООПБЕРГИЧ (авто... жана жоопбергич) ‒ абонентке телеграфтык байланыш каналы б-ча кыскартылган же шарттуу аталыштарды өзүмдүк кылып автоматтык жооп берүүчү түзүлмө. Ал абонент ордунда жок болсо деле билдирүүлөрдү берет. Чакырып жаткан абонент менен байланыштыруунун тууралыгын текшерүү үчүн абоненттик телеграфтоо станциясы аркылуу чакырып жаткан абонент байланыштын алдында жана бүткөндө старт токтоткуч аппаратынын клавиатурасынан «бул ким» суроо клавиатурасын басат. Ошол учурда чакырып жаткан абоненттин байланыш кабели б-ча анын фамилиясын, номурун же чакырып жаткан абоненттин шарттуу аталышын камтыган жоопту автоматтык түрдө билдирет.