АВРОРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВРОРА (лат. Aurora) – байыркы рим мифологиясындагы Кудайларга жана адамдарга жарык тартуулоочу таңзаарынын Кудайы.

АВРОРА86.png
Ал байыркы грек мифологиясындагы Эос кудайына ылайык келет. Антикалык иск-водо Эос-Аврора сүрөтү сейрек учурайт. Алар көбүнесе вазаларда тартылган сүрөттөрдө кездешет. А. жаркыраган аттарга чегилген арабада океандан асманга көтөрүлгөн жаш, канаттуу аял катары, о. эле канаттуу Кудай эне түрүндө ар түрдүү эпизоддордо: Кефалды тейлеген учуру, Мемнонду жоктоп ыйлаганы чагылдырылган. Мындай вазалар Луврда (Париж), Римде ж. б. жерлерде сакталууда.