АКЦИЗДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(лат. dere ‒ кесем) ‒ эл кеӊири керектөөчү товардын, о. эле кызмат көрсөтүүнүн баасына кошуу м-н алынуучу кыйыр салыктын

түрү. Акциздик товарларга алкоголдук ж-а тамеки продукциялары, жеӊил машиналар, зергер буюмдар, нефть продуктылары, накта булгаарыдан жасалган кийимдер, хрусталь идиштер, ок атуучу куралдар, килемдер, кофе ж-а какао кирет. А. өндүрүүчүлөрдүн рентабелдүү товарларынан мамлекеттин казынасына түшүрүү үчүн салык А. салыгы деп аталат. А. салыгын төлөөчүлөргө акциздик товарларды өндүрүүчү ж-а соодалоочу ишканалар кирет. Салык өз убагында айдын он бешинен кечиктирбей төлөнөт. А. чендери чен коюу методу б-ча төмөнкү түрлөргө: туруктуу, өзгөчө (абсолюттук суммада) ж-а адвалордук (% м-н) болуп бөлүнөт. Зергер буюмдардан ж-а жаратылыш газынан башка акциздик товарлардын бүт түрүнө өзгөчө чен колдонулат. Чендин түрлөрүнө карата А. салыгы: бирдиктүү А. ‒ баасы ж-а сапаты жагынан аз айырмаланган сорттогу товарларга; дифференцияланган А. ‒ ар түрдүү мааниде: сапаты, күчү (вино) б-ча классификацияланган товарларга; орточо А. ‒ баалары сортторуна жараша ар түрдүү болгон (тамеки түрү) бир типтүү товарларга ж. б. түрлөргө бөлүнөт. Кырг-нда А.салыгынын формасы, убактысы КРдин Өкмөтү тарабынан белгиленет, к. Салыктар .