АВГУСТИН Аврелий

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:32, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВГУСТИН Аврелий, А в г у с т и н Б л а ж е н н ы й (13. 1. 354, Тагаста, Түн. Африка (азыркы Алжир, Сук-Ахрас ш. – 28. 8. 430, Түн. Африка, Гиппон) – христианчылыкта теологиялык - филос. жана саясий-социол. доктринаны иштеп чыккандардын башкы өкүлү, Түн. Африкадагы Гиппон ш-нын епископу. А. Кудайдын бар экенин онтологиялык жактан далилдөөгө аракеттенген. А-дин пикири б-ча өзүн өзү эң жогорку деңгээлде ар тараптан жакшыртып жаралган жан (жандык, Кудай) адам аң-сезиминде эле эмес, бүткүл болмушта жашайт. Ал «Ачык сырлар» китебинде инсанды бул дүйнөдөгү күнөөкөр жашоодон жана тиги дүйнөдө жазалоодон куткаруу үчүн Кудайдын жакшылыгы зарыл дейт. Жакшылык, ыракат адамга чындыкты берет, ага ал өзүн өзү түшүнүү жана талыкпаган рухий мээнет менен гана жетишет. Адамдын рух дүйнөсүндө бекем орун алган бул чындык адамды Кудайга алып барат. А. б-ча адам баласынын бири-бирине карама-каршы турган эки: жер дүйнөсү, кудай дүйнөсү бар. Кудай дүйнөсүн чиркөө, жер дүйнөсүн азезил (шайтан) элестетет. Чиркөөнүн милдети – азезил дүйнөсүн жеңип, адамзатты чыныгы ишенимге бурууда турат.
Т. Эсенгелдиев.