АВВАКУМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:32, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВВАКУМ Петров (20. 11. 1620–14. 4. 1682) – орустун эски ырым-жырымдарын жактоочуларынын диний кыймылынын (старообрядчество) идеологу, протопоп. Патриарх Никондун чиркөө реформасын таануудан баш тарткандыгы үчүн 1653-ж. үй-бүлөсү менен Тобольскиге сүргүнгө айдалган. 1663-ж. Москвага кайтып келген, бирок расмий чиркөө менен күрөшүн уланта берген. 1666-ж. чиркөөлүк собордун чечими менен А. чиркөөдөн четтетилген (анафемага берилген), Пустозерской острогуна сүргүнгө айдалган, 1682-ж. чиркөө соборунун өкүмү менен жыгач тамда өрттөлгөн. Өзүнүн чыгармаларында («Книга бесед», «Книга толкований», атактуу «Житие» ж. б.) расмий чиркөөнүн каталарын жана падышанын «чындыкка жатпаган калпычылыгын» айгинелеп бетин ачкан.
Б. Солтонбеков.