АВАР КАГАНДЫГЫ
АВАР КАГАНДЫГЫ – Борб. Азияда (4-к-дын аягы) жана Борб. Европада (6-к.) өкүм сүргөн түрк тилдүү көчмөн уруулар мамлекети. А. к-нын борбору алгач Монголиядагы Халха д-сынын боюнда жайгашкан. Кагандыктын бийлөөчүсү Шэлунун тушунда аскердик-аймактык реформалар жүргүзүлүп, мамлекеттин күч-кубаты чыңалган. Бирок, 552-ж. аварларга баш ийген башка түрк уруулары мамлекетти кыйратышкан. Авар урууларынын бир бөлүгү Корея менен Түн. Кытайга, экинчиси батышка жер которгон. Батышка кеткен авар уруулары Каспий деңизинин түндүгү, Волга бою, Түн. Кавказды мекендеген гунн уруулары менен аралашып, Византиянын чек араларына жакын кирип барган. 558-ж. Кандих башкарган алгачкы элчилиги Византияга келип, конуш сурап кайрылган жана союздаш болуу сунушун билдирген. Византия аварларды чыгыш славян урууларына каршы согушка пайдаланган. 567–568-ж. аварлар Византия, лангобард жана лепид урууларынын ортосундагы карама-каршылыктардан пайдаланып жерг. славян, герман жана роман урууларын багындырган жана Карпат ойдуңунун чоң бөлүгүн ээлөө менен Паннонияда (азыркы Венгрия, Австрия, Югославиянын аймактары) борб. азиялык көчмөн уруулардын мамлекетин - А. к. негиздеген. Аны көрүнүктүү кол башчы Баян хан башкарган. Андан ары аварлар франктарга, славяндарга, лангобарддарга, Византияга жортуулдарды уюштурушкан. Алар Эльбадан Кавказга, Дондон Адриатикага чейинки аймактарга саясий таасирин тийгизип турду. 582-ж. аварлар Византияга караштуу Сирмий, 7-к-дын башында Далмация аймактарын басып алып, салык төлөп турууга мажбурлаган. Баян хан өлгөндөн кийин мамлекетте ички карама-каршылыктар күчөп, мамлекеттин алсырашына алып келген. 626-ж. аварлардын биргелешкен күчү Константинополдун алдында талкалангандан кийин, алардын экспансиясы токтогон. Улуу Карлдын франктарынын, болгар ханы Крымдын жана славян уруу бирикмелеринин соккулары астында 8-к-дын аягы – 9-к-дын башында А. к. кыйраган. Верден келишиминде (843-ж.) Улуу Карлдын мураскерлерине таандык деп белгиленген «Авар королдугу» ж-дө эскерилет. А. к-нын түш.-чыгыш аймактары Болгар падышалыгынын курамына кирген, айрым аймактарында славян саясий бирикмелери пайда болгон. Ошондон кийин аварлар Батыш Кара деңиз жана Дунай боюндагы элдердин курамына сиңип кеткен, к. Аварлар.
Ад.: Дацм Ф. История и археология авар. Материалы по археологии, истории и этнографии Таврии. Т. 9. Симферополь, 2002.