АБШЫР-САЙ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:30, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБШЫР-САЙ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы Көк-Жар кыштагынан 5 км түш. тарапта, Абшыр-Сай капчыгайындагы аска беттерине тартылган байыркы сүрөттөр. 1979-ж. Абшыр-Ата шаркыратмасынан 20 км түш. тарапта, суунун башатындагы аскага тартылган сүрөттөр археолог Ю. А. Заднепровский тарабынан изилденген. Бул жерден эчки-текелердин, жаныбарлардын, о. эле стилдик жагынан Араван жана Сүрөт-Таштагы аска бетине тартылган даңазалуу даван аргымактарына окшош жылкылардын сүрөттөрү кездешет.