АБШЫР КӨМҮР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:30, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБШЫР КЕНИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Абшыр суусунун боюнда. Кызыл-Кыя ш-нан 28 км чыгыш тарапта. Кен 1934-жылдан белгилүү. Көмүр казып алуу 1967-ж. башталган. Көмүр кабаттары юра катмарынын төмөнкү бөлүгү менен байланышкан. Структуралык түзүлүшү б-ча кен Абшыр-Карьердик, Түн. Абшыр, Чыгыш Абшыр деп үч бөлүккө бөлүнөт. Кабаттардын орт. калыңдыгы 6,78 мден 17,90 мге чейин өзгөрөт. Сапаты б-ча көмүр ЗБ маркасына таандык, орт. күлдүүлүгү 19,48%, орт. күйүү жылуулугу 6515 ккал/кг түзөт. 1997-ж. карата Абшыр-Карьердик участогунун калган запасы 1548 миң т.