АБУ-СИМБЕЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

— Нилдин батыш жээгиндеги байыркы эстеликтер топтолгон чөлкөм (Египет). Б. з. ч. 13-к-дын 1 -жарымында аскадан оюлган Байыркы Египеттин 2 храмы, статуялар, рельефтер сакталган. Асуандан 320 км алыстыкта Нубия чөлүндө Египеттин атактуу фараону АбуСимбелге арналган өзгөчө жана укмуштуудай со-

Файл:АБУ-СИМБЕЛ —59.png
Абу-Симбелдеги Чон храмдын фасады.

нун, зор курулуш орун алган. Идея б-ча бул храм үч кудай: Амон-Ра, Хармакис жана Птах ага арналып, бирок иш жүзүндө Египеттин падышасы Улуу Рамсес Пнин даңкын чыгарып, атын түбөлүккө калтыруу үчүн курулган. Нубия чөлүндөгү туурасы 65 м, бийикт. 38 м Абу-Симбел храмы асканын бетине оюп жасалган. Ошол кездеги скульпторлордун башчысы Пиаэйдин (аты храмдын интерьеринде жазылган) жетекчилиги менен көптөгөн аскер туткундары иштешкен. Фараондун тактысында төрт статуя отургузулган (бийикт. 20 м, бир кулагынан экинчи кулагына чейинки аралык 4 м, оозунун уз. 1 м). Статуя Рамсестин күчүнүн символу жана 31 ж бийиктиктеги фасадды кармап турган ко лонна катары колдонулган. Статуялардын ортосундагы эшик аркылуу сыйынуучу жайга кирет. Ал жерде Рамсестин өзүнүн статуясы бар. Бул сыйынуучу жайда «күндүн кереметин» көрүүгө болот. Бир жылда эки жолу 21-мартта жана 21-сентябрда, саат 5тен 58 минута өткөндө күндүн нуру бир сызык б-ча өтүп, Амон-Ра менен Рамсес Пнин сол ийнине тиет. Бир нече минутадан кийин нур Хармакиске тийип, 20 минутадан кийин жарык жок болот. Эң кызыктуусу, караңгылыктын кудайы болгон Птах ага эч качан жарык түшпөйт. Падыша Рамсес Пнин Сирияга жортуулу ж-дө ошол кездеги сарай акы ны Пентаурдун узун поэмаларынын тексти храм дын дубалдарында жазылган.

Н. Жылдызова.