АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ, А б у Бакр Мухаммед ибн Жафар а н-Н а р ш а х и (899–959) – орто азиялык тарыхчы. Бухаранын түндүгүндөгү Наршах кыштагында туулган. 943–44-ж. араб тилинде Саманиддер эмири Нух ибн Насрга (943–954) арнап, «Бухара тарыхы» («Тарих-и Бухара») эмгегин жазган. Анын бул эмгеги 7–12-к-дагы Бухаранын жана Заравшан д-нын төмөнкү агымындагы оазистин тарыхы жана топографиясы б-ча баалуу булак. Анда О. Азиянын тарыхы, арабдар келгенге чейинки (7–12-к.) Бухара аймагы ж-дө маалыматтар бар, о. эле О. Азияны арабдардын каратуусу, Абруйдун жана Муканнанын көтөрүлүштөрү, исламдын буддизм менен христиан динин сүрүп чыгаруусу ж-дө да айтылган.