АБСОЛЮТТУК НӨЛ
Jump to navigation
Jump to search
АБСОЛЮТТУК НӨЛ т е м п е м р а т у р а н ы н - термод. темп-ра шкаласы б-ча абс. темп-раны эсептөөнүн башталышы. Системанын темп-расы А. н-гө жакындаса, анда системанын энтропиясы, жылуулук сыйымд., жылуулуктан кеңейүү коэфф-и нөлгө умтулат. Молекулалар жана атомдор толук тынч абалда болбостон, кристаллдык торчонун түйүндөрүндө «нөлдүк» термелүү жасап, эң кичине энергияга ээ болот.