АБРУЙ КӨТӨРҮЛҮШҮ
Jump to navigation
Jump to search
АБРУЙ КӨТӨРҮЛҮШҮ – 6-к-дын 80-ж-нда төмөнкү Согда аймагында жерг. жер ээлерине жана соодагерлерге каршы чыккан көтөрүлүш. Анын башында Абруй турган. Бухара тарыхчысы Наршахинин маалыматы б-ча Абруй Пайкенд аймагын басып алган. Ошондон кийин бай дыйкандар Жети-Сууга качып барышып, түрк каганы Кара-Чордон жардам сурашкан. 585-ж. көтөрүлүштү Кара-Чордун колу келип баскан, Абруй өлтүрүлгөн.