АБРАМЦЕВО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:27, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБРАМЦЕВО – Москва обл-нун Загорск ш-на жакын жердеги музей-чарбак. 18-к-да Головиндердики, 1843-жылдан Аксаковдор, 1870-жылдан С. И. Мамонтов ээлеген, 1918-жылдан музей. 18-к-дын ортосунда жыгачтан салынган чарбак үй, паркында «орус стилиндеги курулуштар (чиркөө, 1881–82-ж. б.) бар. С. Т. Аковдукуна Н. В. Гоголь, И. С. Тургенев, М. С. Щепкин келип турушкан. 1870–90-ж. орус көркөм чыгармачыл интеллигенция турмушунун маанилүү борбору; бул жерде К. А. Коровин ж. б. иштешкен; жыгач оймолоо жана майолика өнөрканалары уюштурулган. А. 1977-жылдан расмий түрдө «Абрамцево» мамл. тарыхый көркөм жана адабий музей коругуна айланды.
К. Сарбанов.