АБИССАЛЬ ЧӨКМӨЛӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБИССАЛЬ ЧӨКМӨЛӨРҮ – деңиз менен океандын 3 кмден төмөнкү тереңцигинде топтолуучу суу астындагы чөкмөлөр. Алар Дүйнөлүк океандын түбүнүн 85%ке жакын аянтын ээлеп жатат. А. ч. планктон организмдеринин скелет калдыктарынан, шамал учуруп жана деңиз агымдары менен келген минералдык майда заттардан, суу алдындагы тоо тектердин талкаланышынан пайда болгон бүртүкчөлөрдөн, тереңдиктеги хим. чөгүндүлөрдөн жана жанар тоо бүркүндүлөрү менен космос чаңдарынан турат. Чөгүү процесси өтө жай жүргөндүктөн, 100 жылда орто эсеп менен 0,5–2 мм гана калыңдыктагы чөкмө пайда болот. Курамы 20–98% орг. калдыктардан турган аки таштуу жана кремнийлүү тунма ылайлардан түзүлсө – органогендик, ал эми скелеттер өтө аз кездешип, негизинен кызыл чоподон турса полигендик деп аталат. Кызыл чоподо темир марганец конкрециялары кездешет, к. Деңиз чөкмөлөру.

Ад.: Лисицын А.П. Процессы океанской седи ментации: Литология и геохимия. М., 1978. Кеннет Дж. П. Морская геология: В 2 т. М., 1987.