АБИОТА ФАКТОРЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБИОТА ФАКТОРЛОРУ (а, гр. bio – жашоо жана лат. factor — жасоочу) –жансыз жаратылыштын орг. эмес дүйнөсүнүн компоненттеринин жана кубулуштарынын тирүү организмдерге түз жана кыйыр таасир этүүчү шарттары. Аларга негизинен климаттык, эдафикалык (топурак чөйрөсүнүн), орографиялык, гидрографиялык факторлор кирет. Бирок, анда өзгөчө орунду климаттык факторлор (күн радиациясы, жарык режими, темп-pa, нымдуулук, жаан-чачын, ша мал, басым ж. б.) ээлейт. Күн радиациясы энергиянын жана жарыктын негизги булагы болгондуктан, биосферанын жылуулук балансын жана темп-ралык режимин аныктайт. О. эле күн ра диациясы негизги экол. фактордун кызматын аткарып, тирүү организмдердин физиол. жана морфол. өнүгүүсүнө таасир этет. Мында климат тык башка факторлор да орчундуу мааниге ээ. Жер бетиндеги өсүмдүк дүйнөсүнүн ж. б. ланд шафт компоненттеринин зоналдуулугу (тунд ра, тайга, талая, чөл, саванна, нымдуу тропик токою ж. б.) да негизинен климаттык факторлорго баш ийет. Организм тиричилигинде топу рак кыртышынын да мааниси зор. Мис., өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү топурактын структурасына, мех. курамына, кычкылдуулугуна (pH), күрдүүлүгүнө, курамындагы хим. элементтерге ж. б. байланыштуу. Б. Үсөнканов.