АБИДЖАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБИДЖАН (Abidjan) – Кот-д Ивуар мамлекетинин башкы шаары жана порту (жылына 15 млн т жүк ташылат). Лагюн обл-нун адм. борбору. Атлантика океанындагы Эбрие көл чөгүндүлөрүнүн жээгинде, А. ж. а-нда жайгашкан. Калкы 4,7 млн (2014, шаар айланасы менен). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш (консерва, кофе з-ддору), нефть ажыратуу, металл иштетүү, жеңил (кездеме токуу, трикотаж, бут кийим) өнөр жайы, кеме верфи, Дакар ун-тинин филиалы, асем өнөр улуттук жогорку мектеби, этногр. музейи, улуттук китепкана иштейт. 1880–90-ж. француздар негиздеген. 1934-жылдан Франциянын ээлиги – Пил Сөөктүү Жээктин, 1960–83-ж. Пил Сөөктүү Жээк Респ-сынын борбору болгон. Жылуулук электр станциясы иштейт. Шаарга жакын Банко улуттук паркы жайгашкан.