АБЕТЕКОВ Асан Кемелович
АБЕТЕКОВ Асан Кемелович[17. 4. 1938, Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Күн-Чыгыш (Бөкөнбаев) айылы – 15. 8. 2021, Бишкек] – археолог, КРдин мад-тка эмг. сиң. ишмери (2002). 1959-ж. КМУнун тарых ф-тин бүтүргөн. 1966 –72-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунун ил. кызматкери, 1972–92-ж. СССР ИАнын О. Азия жана Казакстан археологиясынын проблемалары б-ча ил. координациялык советинин мүчөсү, «Орто Азия археологиясынын ийгиликтери» журналынын жооптуу секретары, СССР маданий фондунун Кыргыз башкармалыгынын төрагасынын орун басары, 1992–95-ж. «Манас-1000» мамл. дирекциясынын башкы адиси, 1995-жылдан КР УИАнын «Манас таануу» жана көркөм мад-тынын улуттук борборунун улук ил. кызматкери, Ж. Баласагын атн. КУУнун доценти. Түш. Сибирь, Тоолуу Алтай, Минусин ойдунунда (Хакасия), Енисейдин жээктеринде жана Кырг-ндын бардык чөлкөмдөрүндө коло доорунун сак, усун, гун жана түрк тилдүү көчмөн элдердин археол. эстеликтерин казып изилдеген (1961–90). Б.з.ч. 3- жана б.з. 5-к-да жашаган усундардын «Карабалта» кыштакчасынын калдыктарын ачып (1964), алар көчмөн уруулар гана болбостон, отурукташып жашап жер иштетүү менен да кесип кылган, комплекстүү чарбасы бар байыркы элдерден болгондугун, о. эле Кочкор өрөөнүндөгү «Бугучу», «Куренкей», «Албанжыга» эстеликтерин изилдеп, ал жерден ачылган монументалдуу «коргон» арх-расын, өлүктү коюу ырым-жырымын б. з. ч. 5–3-к-да Теңир-Тоодо жашаган тиграхауда-сак урууларынын мад-тына таандык экендигин далилдеген. Түш. Кырг-ндын жана Жети-Суунун көчмөн урууларынын археол. материалдарын классификациялоодо матем. алпагордуу жана алгорифманы биринчи жолу археология илимине колдонгон. 100дөн ашык ил. жана ил. популярдуу макалалардын (анын ичинде«Борбордук Азия цивилизацияларынын тарыхы» History of civilizations of Central Asia, Volyme2 UNESCO, Paris 1994) автору.