АБДЫЛДАЕВ Мукаш Юнусалиевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Мукаш Юнусалиевич (1932-ж. т., Чүй обл., Кемин р-ну, Жол-Булак айылы) –техника илимд. доктору (1994), КРдин билим берүүгө эмг. сиң. кызматкери (2000). КМУну (1952) жана Кабарда-Балкар (Нальчик ш.) мамл. ун-тинин аспирантурасын бүтүргөн (1958). Улук ил. кызматкер, КММИде доцент, ФПИнин Оштогу филиалында декан, Фрунзе автожол техникумунун директору, ФПИнин доценти ж. б. кызматтарда иштеген. 1999-жылдан КМУда проф. Эмгектери негизинен кысылбас суюктуктардын гидродинамикасын изилдөөгө арналган. бОтан ашуун ил. эмгектери, анын ичинде 3 монографиясы, 10 окуу-усулдук куралдары жарык көргөн.
Эмг.: Плоские задачи теории струй идеальной жидкости. Б., 1999.