АБДЫКАРОВ Данияр Сатарбаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКАРОВ Данияр Сатарбаевич (30. 5. 1975-ж.т., Ош ш.) – милициянын генерал-майору (2017). 1992-ж. КР ИИМдин Жогорку мектебин бүткөн.

АБДЫКАРОВ41.png

1994–98-ж. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү, 1998–2001-ж. КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында ыкчам өкүл, 2001–16-ж. Бишкек шаардык, Чүй, Талас обл. ички иштер башкармалыктарында, КР ИИМдин борб. аппаратында жетекчи кызматтарда, 2016–18-ж. КР Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген. 2019-жылдан «Манас» аэропортунун Авиациялык коопсуздук жана режим дирекциясынын (DABR) башчысы.