АБДЫКАДЫРОВ Жалил

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:20, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКАДЫРОВ Жалил (1932, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Чырак айылы – 1986, Бишкек) – режиссёр, коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1964), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). 1946-ж. Каракол пед. окуу жайын, 1954-ж. Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы театр институтунун режиссёрдук факультетин бүткөн. 1954–60-ж. Ысык-Көл обл. драма театрында башкы режиссёр,1959–73-ж. Кыргыз мамл.

АБДЫКАДЫРОВ 138.png

академиялык драма театрында башкы режиссёр, режиссёр-коюучу, 1973–77-ж. Кыргыз телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин адабий-драмалык редакциясынын башкы редактору, 1977–80-ж. Нарын музыкалык драма театрында, 1982–84-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында режиссёр-коюучу болуп иштеген. А. орус, батыш классиктеринин жана кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын театрлаштырган: М. Горькийдин («Васса Железнова»), Я. Галандын («Таң алдындагы сүйүү»), Н. Хикметтин («Унутулган адам»), А. Токомбаевдин («Өлбөстүн үрөнү»), Ч. Айтматовдун («Бетме-бет», «Биринчи мугалим», «Жамийла»), Т. Абдумомуновдун («Ашырбай», «Сүйүү жана үмүт»), Ш. Садыбакасовдун («Ак боз ат»), Ж. Абдыкадыровдун («Олжобай менен Кишимжан»), С. Ахмаджан («Келиндер козголоңу») ж. б. 80ден ашык чыгарманы республиканын театрларында койгон. Айрыкча Б. Жакиевдин «Атанын тагдыры» (1965), У. Шекспирдин «Король Лир» (1965), Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) драмалары Москвада көрсөтүлүп, жогору бааланышы А-дун элдик, эпикалык көркөм өнөрдүн салттарын терең чагылдыра билгендигин, режиссёр катары кайталангыс өзүнчөлүгүн далилдейт. Ал бир нече пьеса, аңгеме, ырлардын автору жана анын көптөгөн адабий котормолору бар. Медалдар менен сыйланган.