АБДУРАХМАН АПТАБАЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:20, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (12), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДУРАХМАН АПТАБАЧЫ (1844, Кокон хандыгы – 25. 5. 1881) – Кокон хандыгынын мамл. ишмери жана кол башчы; кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү. Мусулманкул миң башынын уулу. 1845-ж. 14 жашар Кудаяр белгилүү бий Мусулманкулдун жардамы менен такка олтурган. Мусулман кул хандын тукуму менен туугандашуу үчүн кызын Кудаяр ханга берген. Ошол кездеги жаш Абдурахман Кудаярдын бир тууган кайниси катары ордодо чоңоюп, курбалдашы Кудаяр менен теңтуш болуп өскөн. Атасы 1852-ж. Кудаяр хандын буйругу менен өлтүрүлгөндүгүнө, көз алдында кыпчак туугандарын кырдыргандыгына карабай, баарына чыдап, акырындык менен жөнөкөй «аптабачылык» (хан колуна суу куюучу бала) кызматтан ордодогу негизги бийлик миң башылыкка чейин жеткен.

Абдурахман аптабачы жана Иса олуя (мамл. борб. архив. архив).

1870-ж-дын башында ал кыргыз бийлери менен байланышып, Кудаяр ханды алмаштырууну көздөгөн. А. а. лейлектик кыргыздардын чапкылык уруусунун бийлерине көтөрүлүшкө чыгуу зарылдыгы ж-дө кат жазган. Натыйжада лейлектиктер Кокон хандарынын Кожент ш-нда жашап жаткан урпактарынын бири – Садыкбектин уулу Абдыкеримбекти чакырышып, хан көтөрүшкөн. Көтөрүлүшчүлөргө каршы Кудаяр хан 7 падсаттын башчылыгында чоң кошуун жиберип, кыймылды аёосуз баскан. Кыргыздар тоого качып кетишкен. Ошол мезгилде Россиянын карамагында турган Кожентке кайткан Абдыкеримбекти орус бийликтери Кудаярдын өтүнүчү менен Кокон ордосуна туткун катары тапшырышкан. 1873– 74-ж. А. а. Кудаяр ханга каршы көтөрүлгөн Полот хандын, Мамыр Мерген уулунун, Абдылдабектин ж. б. кыргыз бийлеринин көтөрүлүшүн басууда кокондук жазалоочу аскерлерине башчылык кылып, бул кызматы үчүн 1874-ж. Кудаяр хандан «Парваначы» наамын алган. 1875-ж. июлда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш күчөп, Кырг-ндын түштүгү жана Фергананын бир катар аймактары Полот хан жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтө баштаган. Өзгөндө башталган көтөрүлүштү басууга Кудаяр хан тарабынан жиберилген А. а., Калназар жана Сарымсак эшик ага 4000 аскери менен 17-июлда көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүп кеткен. 19-июлда Анжиян вилаетинин беги Кудаяр хандын уулу Насреддинбек, Маргалаң вилаетинин беги Султанмурат да күрөшкө чыккан эл тарапка кошулган. 22-июлда Кудаяр хан Коконду таштап, Россия ээлигине баш калкалап качууга аргасыз болот. А. а., Иса олуя ж.б. колдоосу менен анын ордуна уулу Насреддинбек хан көтөрүлөт, ал эми Полот хан жашыруун түрдө туткунга алынат (ал 22-августта Чаткал тарапка качып кеткен). А. а. менен Насреддин хан элдин күрөшүн диний мүнөзгө багыттап, «ыйык казатка» («газаватка») чакырган. 1875-ж. элдик көтөрүлүш кайра күчөгөндө Насреддин хан орус падышалыгынын аскерлерин жардамга чакырууга аргасыз болот. Падышалык бийликтин М. Д. Скобелев башында турган жазалоо отрядына 1876-ж. январдын акырында Анжияндан 8 чакырым аралыкта жайгашкан Инду кыштакта А. а. жана аны менен кошо кыймылдын белгилүү жетекчилеринен болгон 26 бий жана бек, 400 жигит багынып берип, көтөрүлүшчүлөргө чыккынчылык кылган. А. а. Екатеринбург ш-на жөнөтүлүп, жылына 3000 рубль көлөмүндө маяна алып жашап турган. 1881-ж. 1-январдагы буйрук менен орус падышачылыгы А. а-га милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. 1881-ж. 25-февралда А. а. Мекеге барууга уруксат сурап, борб. бийликке кат жазган. Бирок каттын жообун алууга үлгүрбөй, 1881-ж. 25-майда көз жумган.