АБДУРАЗАКОВ Ишенбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДУРАЗАКОВ Ишенбай (12. 8. 1937, Ысык-Көл обл., Чолпон-Ата ш. – 23. 4. 2014, Бишкек) – коомдук жана мамл. ишмер, көрүнүктүү дипломат.

АБДУРАЗАКОВ35.png

Москва мамл. экономика ин-тун (1959), СССР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Жогорку дипл. мектебин (1970) бүтүргөн. 1959–62-ж. Кыргыз ССР мамл. пландоо к-тинде улук инженер, 1962–65-ж. Кыргыз ССР ИАнын системасында эмгектенген. 1965-жылдан Кырг-н КП БКнын илим жана окуу жайлар б-ча бөлүмүнүн инструктору, 1971–75-ж. СССРдин Япониядагы элчилигинде секретарь, 1975–90-ж. Саппоро ш-ндагы СССРдин Генералдык консулдугунда консул, СССР ТИМдин 2-Ыраакы Чыгыш бөлүмүндө, Япониядагы элчилигинде кеңешчи, СССР ТИМдин Япония секторунун, бөлүмүнүн башчысы, 1990–94-ж. Саппоро ш-ндагы СССРдин, кийин РФтин генералдык консулу, 1994–96-ж. КРдин Президентинин адмененын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперт-консультанты, КРдин Президентинин кеңешчиси, 1996–99-ж. КРдин мамл. катчысы болуп иштеген. А. СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Посланниги, КРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси дипл. жогорку рангага ээ. «Кыргызстан — Япония» коомунун төрагасы. Үч китептин, 100дөн ашуун ил.-популярдуу макалалардын автору.