АСПАП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСПАП‒ иштетилүүчү буюмдун формасын талапка ылайык өзгөртүүдө колдонулуучу эмгек куралы же машина механизми. Анын кесүүчү (кескич, бургу, фреза ж. б.), басым астында иштетүүчү (штамп ж. б.), чарыктоочу (чарыкташ, кайракташ, бүлөө ж. б.), усталык (балка, кычкач, өгөө, тешкич ж. б.), ченөөчү (штанген

циркуль, сызгыч, индикатор, микрометр ж. б.), бекитүүч ү (кыскыч, бекитүүчү патрон, цанга) ж. б. түрлөрү бар. Техника тармактарында ар түрдүү өлчөөлөр, медицина м-н ветеринарияда хирург. операцияларда колдонулуучу приборлор м-н түзүлмөлөр да А. деп аталат.