АБДАЛЛАХ ИБН АБД-АР РАШЍД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:13, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДАЛЛАХ ИБН АБД-АР РАШЍД, Хафиз-и-А б р у (т. ж. белгисиз – 1430, айрым маалыматтар б-ча 1451) – орто азиялык тарыхчы. Гератта төрөлүп, Хамаданда билим алган. Шахрух менен Улугбектин доорунда хан сарайда кызмат өтөп, ошол мезгилде Мавераннахр, Иран ж-a ага коңшулаш элдердин тарыхы, табияты тууралуу бир катар эмгектерди жараткан. Анын 4 томдон турган «Тарыхтар каймагы» («Зубдет ат-тауарих»), о. эле Абу Жафар Мухаммед ат-Табари, Рашид ад-Дин, Низам ад-Дин Шаминин эмгектерин пайдаланып жазган «Жыйнак» («Меджмуйе») аттуу эмгектеринде эмир Темирдин тушундагы аймактагы бийлөөчүлөр, кыпчактардын саясий тарыхы ж. б. тарыхый окуялар ж-дө баалуу маалыматтар берилген.