АБАКИРОВ Мамыт

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБАКИРОВ МАМЫТ (1912, Ош обл., Совет р-ну, Чалма кыш. - 2003, ошол эле жерде) – жылкычы, Соц. Эмг. Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1931-жылдан Ош обл-нун Совет р-нундагы «Ленинчил жаш» колхозунун колхозчусу, 1934-41-ж.№ 2-талаа бригадасынын бригадири. 1946-64-ж. жылкы фермасынын башчысы. Коомдук малды өстүрүүдө жана анын кунардуулугун арттырууда мыкты ийгиликтерге жетишкен. Ал башкарган ферма 1947-ж. 90 бээден 90 кулун алып, аман асыраган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4 жолку депутаты.Ленин ордени менен сыйланган.

АБАКИРОВ 412.png