АБА ЫРАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБА ЫРАЙЫ - атмененын белгилүү бир убактагы (сутка, ай, жыл ичиндеги) же аймактагы абалы. А. ы. атм-дагы абанын темп-расы, нымдуулугу, басымдын өзгөрүшү, туман, жаан-чачын, шамал ж. б. метеорол. кубулуштардын жыйынтыгы б-ча аныкталат. А. ы-нын көп жылдык режими климат деп аталат. Анын өзгөрүшү күн энергиясы менен жер бетинин өз ара тийгизген таасиринен пайда болуучу физ. процесстерге, атмененын циркуляциясына ж. б. факторлорго көз каранды. Жер-жерлердеги станциялардан ж-a космостук приборлордон белгилүү бир борборго келип түшкөн метеорол. элементтер б-ча синоптикалык карталар түзүлүп, А. ы. маалыматталып турат. А. ы. жер бетиндеги жаныбарлардын тиричилигине, адамдардын өмүрүнө тике таасир тийгизет. А. ч., авиация, транспорт ж. б. үчүн анын мааниси чоң.