ААРЫ УУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ААРЫ УУСУ –жумушчу аарынын ийнесинин жип сымал ичке бези бөлүп чыгарган уу суюктук; ар түрдүү хим. аралашмадан турган татаал зат. Анда активдүү фермент, белок, бош аминкислоталары, гистамин ж. б. болот. А. у. кургак түрүндө күчүн жоготпой көп жыл сакталат. Аары чакканда болжол менен 0,2-0,3 мг уу бөлүп чыгарат ж-a ал уу тирүү клеткалардын цитоплазмасын эритет. Сүт эмүүчү жаныбардын организми аары чакканда татаал комплекстүү реакция менен жооп кайтарат. А. у. элдик медицинада дары катары эзелтен колдонулат. А. у-нан 1-жолу 1927-ж. Германияда дары-дармектер жасалган. Европа, Америка мамлекеттеринде препараттар (апизартрон, вирапин, венапиолин, токсапин) чыгарылат. А. у-нун препараттары кызыл жүгүрүк, куяң ж. б. четки нерв системасынын, кан тамыр (эндартерикоз, атеросклероз) ооруларын, кептөөр, гипертония, тиреотоксикозду дарылоодо, сезгенүүнү айыктырууда, ооруну басаңдатууда, муун, булчуң, кан тамыр ж. б. ооруларына суюк май түрүндө пайдаланылат.