«АРТХАШАСТРА»
Jump to navigation
Jump to search
«АРТХАШАСТРА» (санскр. – пайдалуу жашоо ж-дөгү илим) – байыркы индиялык трактат; мамлекетти башкаруу маселелери б-ча көрсөтмөлөрдүн жыйнагы. Болжол менен б. з. ч. 4-к-дан – б. з. 2–3-к-дарда жазылган. Анын негизин Каутильо түзүп, кийинчерээк башка авторлор тарабынан толукталган. Изилдөөчүлөр «Артхашастраны» мааниси б-ча үч темага бөлүшөт: акылдуу падышанын ишмердүүлүгү жана вазийпалары; башкаруу жана укук; согуш жана дипломатия маселелери. «Артхашастра» – Байыркы Индиядагы коомдук мамилелер, экон., саясий ин-ттар ж-дөгү булак болуп саналат.