«АНТИ-ДЮРИНГ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (9)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АНТИ-ДЮРИНГ» – Ф. Энгельстин 1878-ж. чыккан «Евгений Дюринг мырзанын илимде жасаган төңкөрүшү» деген китебинин аталышы. Анда марксизмдин негизги бөлүктөрү баяндалат: диалек. жана тарыхый материализм; саясий экономия; ил. коммунизмдин теориясы, о. эле филос. табигый жана коомдук илимдердин маселелери чечмеленген. Эмгек марксисттик теорияны майда бурж. идеолог Дюрингдин кысымдарынан коргоо максатында жазылган. Маркс таанышып чыгып, саясий экономиянын тарыхы б-ча бөлүк жазат. Энгельс «Анти-Дюрингдин» биринчи бөлүмүндө диалек. жана тарыхый материализмдин негизин баяндайт жана философиянын негизги суроосуна матер, көз карашта жооп берет, материянын кыймылынын формаларына жана илимдин классификациясы маселелерине түшүндүрмө берет. Диалектиканын мүнөздөмөсүнө, анын негизги мыйзамдарына, диалект жана формалдык логиканын мамиле маселелерине көп көңүл бурулат, табият таануу илиминин проблемалары: Дарвиндин теориясы, орг. клетканын ролу жана жашоонун маңызы, Канттын космогониялык гипотезасы каралат. Экинчи бөлүмүндө Дюрингдин көз караштарын сындай, саясий экономиянын предметин жана методун аныктайт, Маркстын товар жана анын баасы ж-дөгү окуусун баяндайт.

                                                                       Ш. К. Алиева.