«АЛТЫН АДАМ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (7), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЛТЫН АДАМ» – Иле Ала-Тоосунун түн. этегинде жайгашкан Эшик (казакча Есик) Ысык көрүстөнүнөн табылган эрте темир дооруна (б. з. ч. 5–4-к.) таандык археол. табылга. Алматы ш-нын чыгыш тарабында 50 км аралыкта жайгашкан көрүстөндөр тобу (40тан ашык коргон) 1969–70-ж. К. Акишев тарабынан ачылып, изилденген. Алардын ичинен диаметри 60 м, бийикт. 6 м болгон дөбөнүн алдынан эки көрүстөн табылган. Анын бири мурда эле тонолуп калган. Ал эми көлөмү 3,3x1,9 м, бийикт. 1,5 м болгон экинчи көрүстөндөн 18–25 жаштар чамасындагы европеоиддик жана монголоиддик аралаш расалык белгилери бар, алтын жасалга кийим менен коюлган жоокер жигиттин табыты табылган. Ал карагайдан жасалган табытта, башы батышка каратылып жаткырылып, жанына согуш куралдары, өздүк буюмдары кошо коюлган. Буюмдар күмүштөн, жезден, чоподон, жыгачтан жасалган. Баш кийими алтындан жасалган аркар статуэтка жана рельефтүү, скифтик стилде айбанаттар түшүрүлгөн илбирс, жылкы, теке, куш жана геом. фигуралар менен жасалгаланган. Кийимдин жээктери кабылан кейиптүү басып түшүрүү ыкмасы менен даярдалган алтын бастырма кооздуктар менен жээктелип жана түрдүү формадаты алтын кооздук бастырмалар менен жасалганы аныкталды. Жоокер териден жасалган жакасыз, кыска кемсел кийгизип жаткырылган. Кээ бир сакталган айрындыларына караганда ал кызыл же күрөң түскө боёлуп, сыртынан алтын бастырмалар (бардыгы 4000ге жакын бастырма) менен текши кооздолгон. О. эле куру, маасы-өтүгү дагы алтын бастырмалар менен капталган.

Алтын жасалгалуу жоокер кийими К. А. Акишевдин реконструкциясы.

Күмүш табакчада 26 белгиден турган эки сап рун тамгаларына окшош жазуу бар. Андагы тамгалардын ичинен 8-9у арамей жазуусундагы тамгаларга окшошуп кетет. Айрым изилдөөчүлөрдүн болжолунда, Жети-Суу сактары арамей жазуусунун негизинде түзүлгөн алфавитти колдонушкан. Түрколог А. Аманжоловдун пикири б-ча бул жазуу байыркы түрк тилинде жазылган. Ал тилде Жети-Суунун алгачкы көчмөндөрү сүйлөгөн болушу ыктымал деп айтылат. Бул табылга б. з. ч. 5–4-к-да жашаган байыркы сак элинин тарыхы, мад-ты, көркөм өнөрү, рухий мад-ты б-ча маалыматтарды берет. Алтын кооздуктарды жерг. уздар жасаган. Ысык-Көлдүн Барскоон айылынан ушуга окшош колодон жасалган кооздуктар табылган жана Барскоондо табылган кабылан сымал жаныбар баштуу бастырма бири биринен жасалыш ыкмасы б-ча эч айырмаланбайт.

К. Табалдиев.