«АЛМАЗ» радиосу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЛМАЗ» ‒ жергиликтүү мамлекеттик радио уктурууга алгач альтернатива катары пайда болгон маалымдоо каражаттарынын бири. 1992-жылдын 15-июнунда Чүй өрөөнүнүн радио угармандарына биринчи берүүлөрүн тартуулаган. 1993-жылдын 13-апрелинен тартып борбордук радио тармагынан үзгүлтүксүз уктурулат. Ал республиканын Маданий фонду тарабынан уюштурулган. Программалары кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлүп, дүйнө элдеринин музыкасы, «Медициналык саат», «Тамашалуу маек» жана башка ушул сыяяктуу рубрикалар менен обого чыгып турат.