АК УУЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ элдик санжыра б-ча оӊ канат урууларынын түпкү атасы; Куу уулдун бир тууганы. А. у-га адигине, тагай ж-а моӊолдор уруулары кирет. А. у. ж-дөгү уламыш тарыхый булактарда алгач Сайф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-Таварих » (16-к.) аттуу эмгегинде эскерилет. Элдик санжырада А. у-дун аталышы тууралуу бир нече мифтик, уламыштык түшүндүрмөлөр кездешет. Ил. өӊүттөн караганда, кыргыз элинин уруулук курамына кирген оӊ канат уруулары байыркы көчмөн түрк-моӊгол элдеринде кеӊири колдонулуп келген өӊ-түсүнө карата сыпаттоо аркылуу А. у. аталган болсо керек деп жыйынтык чыгарса болот.