«АЙГҮЛ» фильми
Jump to navigation
Jump to search
– кыргыздын туңгуч толук метраждуу көркөм фильмдеринин бири. 1937‑ж. борб. «Союздетфильм» киностудиясы тарабынан тартылган. Кыргыз аялдарынын кулчулуктан жана көз карандылыктан кутулуп, эркин жашоого баш койгондугун баяндайт. Сценарийи И. Вершининдики, реж. Ю. Васильчиков, опе ратору – Б. Монастырский, сүрөтчүсү – В. Панталеев, композитору – К. Корчмарев. Роль аткаргандар: Айгүл – Т. Зейферт, Мустафа П. Гладжиев, Лу Си‑я – Н. Мучирин, Ороз А. Боталиев, Ярматов – Т. Хожаев, Вовсенко Б. Баратов, Саид – А. Ким.