АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТРОНИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ радиосиг налдарды иштетүү, сактоо м-н кайра өзгөртүү ж-а аларды эсептөө максатында колдонулуучу түзүлүштөр. Серпилгич толкундардын ылдамдыгы жарык ылдамдыгына салыштырмалуу кичине болгондуктан ультраүн м-н гиперүн толкундары начар жутулат. А. э. түзүлүштөрү сигналды убакыт ичинде жыштыгы ж-а фазасы б-ча амплитудасын, татаал сигналды ж. б. өзгөртүп түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай операциялар радиолокацияда, алыскы байланыш техникасында, автоматтык башкаруу система сында, эсептөө машинасында аткарылуусу зарыл. А. э-лык ыкмалар кээде өзгөртүп түзүүлөрдү эӊ жөнөкөй аткарууга мүмкүндүк берсе, кээде

мындан башка ыкманы колдонуу мүмкүн эмес. А. э. түзүлүштөрүндө жогорку жыштыктагы ультраүн ж-а гиперүн (10 МГцтен 1,5 ГГцке чейинки), көлөмдүк ж-а беттик акустикалык толкундар пайдаланылат.