АСКЕРДИК АНТ
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕРДИК АНТ– КРдин куралдуу күчтөрүнүн катарына кызмат өтөөгө чакырылган жарандардын салтанаттуу убадасы; Мекенге, элге берилгендигин билдирүү. Жоокер Мекенинин ар
намысын, эркиндигин, көз карандысыздыгын коргоого, ак ниет болууга, Мекени үчүн каны-жанын аябоого ант берет. А. а. КРдин Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Жаш аскерлер баштапкы даярдыктан өткөндөн кийин, эки айлык мөөнөт ичинде А. а. беришет. Ант берүү бөлүктүн командиринин жетекчилиги м-н салтанаттуу өткөрүлөт.