АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ
АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ– Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн ж-а моралдык-психол. сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психол. сапаттарга ээ ж-а дене бою чың, аскердик-тех. билими бар, өз элинин ж-а анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо А. -п. т-нын негизги милдетине кирет. А.-п. т-ны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, гражд. коргонуу органдары, согуштун ж-а эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор ж. б. жүргүзүшөт. А.-п. т. ишин адептик тарбия м-н эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат.