АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУ– мыйзам тарабынан белгиленген Куралдуу Күчтөрдүн катарында аскердик милдет өтөөгө жарандарды чакыруу. КРдин жалпы аскердик милдеттүүлүк ж-дөгү мыйзамына ылайык, анык аскердик кызматка чакыруу респ. б-ча жылына 2 жолу өткөрүлүп, негизинен 18 жаштан 27 жашка чейинки курактагы балдар чакырылат. Андан тышкары запаста, аскердик каттоодо турган жарандарды, о. эле аскердик абалды киргизүүдө ж-а согуш мезгилинде мобилизация б-ча чакыруу каралган.