АСКЕР ТОПОГРАФТАРЫ ЧОКУСУ
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕР ТОПОГРАФТАРЫ ЧОКУСУ– Какшаал ж-а Меридиан тоолорунун кошулган жеринен орун алган пирамида тибиндеги чоку. Бийикт. 6873 м. Сланец, акиташ теги, мрамор ж-а гранит тоо тектеринен турат. Түн. ж-а түн.-чыгыш капталдарында Түш. Эңилчек, батышында Жылдызча, түштүгүндө (Кытай тарабында) Темир-Суу мөңгүлөрү жатат. 1943-ж. сентябрда
П. Н. Рапасов жетекчилик кылган аскер топографтары бийиктигин аныктаган. Чокуга 1-болуп 1965-ж. 15-августа Казакстан альпинисттер клубунун мүчөлөрү чыккан.