АКУСТИКАЛЫК ТҮЗҮЛМӨ
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ аракети катуу нерселерде ж-а суюктуктарда оптикалык диапазондогу электрмагниттик ж-а акустикалык толкундардын өз ара аракеттерине негизделген түзүлмө. Ал оптикалык нурлануунун мүнөздөмөлөрүн (серпимин, уюлдашуусун, жарыктык ишаратын, спектрдик курамын ж. б.) башкарууга ж-а алып жүрүүчүсү жарыктык, акустикалык толкундар болгон маалыматтарды иштеп чыгарууга мүмкүндүк берет.