АСКАЛЫ ЧОКУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКАЛЫ ЧОКУСУ– Түркстан кырка тоосундагы Талаа тоосунун эң бийик жери. Калаймахмуд ж-а Матча-Суу (Сохтун сол куймалары) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 5621 м. Чоку Пермь мезгилинде жиреп чыккан жегичтүү интрузия ж-а нефелиндүү сиенит тектеринен туруп, тик аскалуу.