АСКАЛАРДАГЫ ЖАЗУУ-ЧИЙМЕЛЕР
АСКАЛАРДАГЫ ЖАЗУУ-ЧИЙМЕЛЕР, петроглифтер – үңкүрлөрдүн боорунда, аскаларга, таштарга түшүрүлгөн байыркы сүрөттөр, оймо-чиймелер; палеолит доорунан адепки о. кылымга чейинки адамзат коомунун тарыхынын ар түрдүү доорлоруна таандык эстеликтер. Эң байыркы сүрөттөр (палеолитке тиешелүү) Испаниянын түндүгүндөгү Альтамира, Кастильо, Франциянын түштүгүндөгү Комбарель, Ласко ж. б. үңкүрлөрүнөн, Урал, Кавказ тоолорунан, Сибирден, Кырг-нда неолит дооруна (жаңы таш доору) таандык эстеликтер Сары-Жаздагы Ак-Чуңкур үңкүрүнөн (Ысык-Көл өрөөнү), Нарындагы Теке-Секирик үңкүрүнөн, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун өңүрүнөн, Чолпон-Атанын жанынан, Фергана тоо кыркасындагы Көгарт м-н Ообек ашууларынын аралыгында жайгашкан Сайма деген жерден табылган. Алгач тоо текелердин, куландардын, жырткыч жаныбарлардын, кийинчерээк аңчылык, ырым-жырымдарды аткаруу жөрөлгөлөрү чагылдырылган сүрөттөр тартылган. Аскалардагы сүрөттөр, жазуу-чиймелер байыркы адамдардын рухий турмушун изилдөөдө өтө баалуу булак катары пайдаланылат.