АСБЕСТ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:22, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСБЕСТ КЕНТАШТАРЫ– асбесттин өлчөмү, буласынын уз. технол. иштетүүгө мүмкүндүк берген ж-а экон. жактан казып алууга арзырлык табигый чогундусу. Минералдык курамы б-ча – хризотил-асбесттүү (табиятта көп таралып, кеңири пайдаланылганы) ж-а амфибол-асбесттүү (крокидолиттүү, амозиттүү, антофиллиттүү, режикиттүү, родуситтүү ж. б.) кенташтарга (рудаларга) бөлүнөт. Кендин сапаты минералдык курамынан сырткары отко, кислотага ж-а жегичтерге туруктуулугу ж. б. касиеттерин аныктаган, асбест буласынын узундугу ж-а бышыктыгы, проценттик өлчөмү б-ча да бааланат. Россия өндүрүштөрүндө буланын мин. уз. 0,5 ммди, чет өлкөлөрдө – 0,25 ммди түзөт. Кенташта орто булалуу ж-а кыска булалуу сорттору үстөмдүк кылат. Узун булалуу (текстилдик) сортторунун үлүшү кыйла төмөн. Бышыктык касиети б-ча – нормалдуу (чоюлуу бышыктыгы 300 кг I мм² чейин), жарым-жартылай морт (300–220 кг/мм2) ж-а морт (220–110 кг/мм2) асбест болуп бөлүнөт. Запасынын өлчөмү б-ча: ири – 5 млн тдан (хризотил-асбест) ж-а 500 миң тдан ашык (амфибол-асбест), орт. – 5–0,5 млн т
(хризотил-асбест) ж-а 500–50 миң т (амфиболасбест), чакан – 0,5 млн т (хризотил-асбест) ж-а 50 миң тдан аз (амфибол-асбест) кендерге ажыратылат. Асбест буласынын дүйнөлүк чалгындалган запасы 223,4 млн т (21-к-дын башталышы), а. и. хризотил кенташтарында топтолгону 220,5 млн т, калганы – амфибол тектеринде. Хризотил-асбестин ири запасы – Россияда (Баженов кени, Уралдагы Киембай, Забайкальедеги Молодежный), Канадада (Асбестос - 5 млн тдан ашык; Кинг-Бивер – 3,2 млн т ж. б.), Казакстанда (Жетигара кени ж. б.), Кытайда, ТАР да бар. А-нын дүйнөлүк өндүрүмдүүлүгү (21- к-дын башталышында) 2,5 млн т була (96% хризотил-асбест).