АКУСТИКАЛЫК РЕЗОНАТОР
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
— сырткы чөйрө м-н кичинекей жылчык же түтүкчө аркылуу байланышта болгон курал. Аны биринчи жолу немец окумуштуусу Г. Гельмгольц (1860) ойлоп
таап, үн талдоого колдонгон. А. р-дун негизги өзгөчөлүгү ‒ толкун узундугунун резонатордун өлчөмүнө караганда бир кыйла чоӊ төмөнкү жыштыктагы өздүк термелүүлөрдү пайда кылууга жөндөмдүүлүгү. Изилденип жаткан үндүн термелүү жыштыгы А. р-дун өздүк термелүү жыштыгына жакын же барабар болсо, анда резонатордо резонанс кубулушу пайда болот.