АСАНАЛИЕВ Үсөнгазы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:51, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАНАЛИЕВ Үсөнгазы (15. 10. 1934, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Шалбаа (азыр Тилекмат) айылы – 1996, Бишкек ш.) – геол.-минералогия ил. доктору (1971), проф. (1979), Кыргыз Респ-нын УИАнын академиги (1993), Кыргыз Респ-нын илимге эмг. сиң. ишмери, ФФПИни бүткөн (1957).

1958–59-ж. Кыргыз CCP Геология башкармалыгынын геол. чалгындоо партиясында геолог, Кыргыз CCP ИАнын Геология ин-тунда аспирант, кенже, улук ил. кызматкер, лаборатория башчысы (1962–1974). 1974–93-ж. ФПИде ил. иштер б-ча проректор, 1993–96-ж. Кыргыз тоо кен металлургия ин-тунун ректору. А. – 150 ил. эмгектин (а. и. 5 монография) автору. Анын ил.-из-лөрү негизинен эки багытта жүргүзүлгөн: биринчиси – Теңир-Тоодогу коргошун, цинк, жез, вольфрам, күмүш, алтын, пирит, барит, флюорит кендеринин геологиясын изилдөөгө, экинчиси – түстүү, сейрек ж-а баалуу металлдардын, о. эле колчедан, барит, флюорит ж-а целестин стратиформ (чөкмө) кендеринин жер

АСАНАЛИЕВ 71.png


кыртышында пайда болуу ж-a жайгашуусунун жалпы мыйзам ченемин аныктоого арналган. Ал стратиформ кендеринин издөө критерийлери м-н алдын ала айтуу ыкмасын иштеп чыгып, түстүү, сейрек ж-a баалуу металлдардын стратиформ кендеринин пайда болушуна негизделген жалпы классификациясын алгач сунуш кылган. СССРдин (1986), КРдин илим ж-a техника б-ча мамл. сыйл. (1995) лауреаты. А. ысмында Кыргыз тоо-кен металлургия ин-ту, Бишкектеги ж-a Кызыл-Кыядагы көчөлөр аталган.
Эмг.: Литология и рудоносность девонских и нижнекаменноугольных девонских отложений Срединного Тянь-Шаня. Ф., 1974; Стратиформные месторождения в истории земной коры. Б., 2004.