АРХЕЙ ЗАМАНЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:31, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХЕЙ ЗАМАНЫ– жер кыртышынын өнүгүү тарыхындагы эң байыркы доор (кембрийге чейинки мезгилдерде пайда болуп, өтө метаморфизмделген тоотектердин тобу). Гнейс, кварцит, кристаллдуу ж-а графиттүү сланецтерден турат. Терминди америкалык геолог Дж. Дана 1872-ж. киргизген. Mypда байыркы кристаллдуу тектери гана А. заманына кирсе, азыр метаморфизмделишине жараша 2500 млн жылдан мурун пайда болгон тоотектер бүт камтылат. Кырг-нда Ак-Түздө, Сары-Жаз кырка тоолорунда жолугат. А. заманындагы тоо тектерде кобальт, никель, хром кендери кездешет.