АРТИКЛЬ
Jump to navigation
Jump to search
АРТИКЛЬ (лат. artikulus, фр. article) – бир катар индевропа, семит ж-а башка айрым тилдерде дифференциялоочу кызматчы сөз. Зат атоочту жандап жүрөт ж-а аныктык же аныксыздык, теги (род), сан, жөндөмө грамматикалык категорияларынын көрсөткүчү болуп эсептелет. Англис тилиндеги артикль зат атоочту атоочу ж-а тактоочу деп эки топко бөлөт. Немец тилиндеги артикль заттардын тегин ажыратуу үчүн да колдонулат. Ал эми француз тилиндеги артикль заттардын санын билдирет (мис., англ. the, а; нем. der, die, das, ein, eine; фр. le, la, les, un, une, des). Кыргыз тилинде артикль жок.